"Эл ырчысы Эстебес" тобу Нарынга барып эки күн концерт коёт

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики"Эл ырчысы Эстебес" тобу. Архив
Эл ырчысы Эстебес тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Жазылуу
Бул чыгармачыл топ Теңир-Тоого алгачкы ирет бара жатканы айтылды.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. "Эл ырчысы Эстебес" Нарын шаарына барып эки күн концерт коёт. Бул тууралуу топтун жетекчиси, төкмө акын Аалы Туткучев билдирди.
Анын айтымында, концерт Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрында 2-3-июль күндөрү өтөт. Башталышы саат 19:00.
"Театралдаштырылган, күлкү коштогон тарбиялык мааниси жакшы программа. Ушул эле концертти Бишкекте суроолор боюнча 13-жолу бергенбиз, баары аншлаг менен өткөн", — деди Туткучев.
Ал буга чейин ушундай эле программадагы концерт менен Нарындан башка облустардын баарына барып келишкенин кошумчалады.
 Кубок АФК - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
Тажикстан, Түркмөнстандан келишет. Бишкекте АФК-2022 кубогунун оюндары өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0