37 жаштагы өрт өчүрүүчү марафондо 50 аттан озуп өтүп жеңүүчү болду. Видео

Жазылуу
Камбриядагы (Англия) Дирхэм айылынын тургуну, 37 жаштагы өрт өчүрүүчү Рики Лайтфут тарыхта ат менен кишинин жарышында жеңишке жеткен үчүнчү адам болуп калды.
Ал 35 чакырым аралыкта 1000ге жакын адам менен 50 жылкыдан озуп өттү. Бул үчүн жөө күлүккө 2 саат 22 мүнөт 23 секунд керек болду. Лайтфут жеңиши үчүн 39 миң доллар алган. Жарыш асфальт төшөлгөн жолдо башталып, токой жолдору жана ачык талаалар аркылуу өткөнүн Tech Insider сайты жазды.
Өзгөчө мелдешти 1980-жылы англиялык Гордон Грин ойлоп таап, адам менен ат алыс аралыкта тайгалак рельефте атаандаша алабы деген суроого кызыккан. Марафондо жылкы менен киши 35 чакырым аралыкты басып өтүшү керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0