Ошто коомдук тамактануучу жайдан өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМ кызматкерлери өрттү өчүрүү учурунда. Архив
ӨКМ кызматкерлери өрттү өчүрүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
Жазылуу
Жеринде төрт өрт өчүрүүчү машина иштеп жатат.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ошто коомдук тамактануучу жайдан ири өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, өрт Курманжан датка көчөсүндөгү "Дамак" аттуу тамактануучу жайдан чыккан. Кадрдан анын жанында башка дагы соода пунктулары бар экенин көрүүгө болот.
Жеринде төрт өрт өчүрүүчү машина иштеп жатат. Саат 12:30да өрт чектөөгө алынган, учурда толугу менен өчүрүү үчүн аракет көрүлүүдө.
Сууга түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
Сууга чөгүп бараткан адамга кантип жардам берсе болот? Адистин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0