Алакөл бул жакта калат экен! Казакстандык туристтин Ысык-Көлгө суктанган видеосу

Жазылуу
Казакстандан келген турист Атырау Тужутов Ысык-Көлдөн алган таасирлери менен бөлүшкөн.
Ал Кыргызстан боюнча саякаттап жүрүп, эс алган жерлерге жана тейлөөгө ичи чыккандыгын айткан. Ролик өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Биздин Алакөл бул жакта эле калганын жана дагы бир топко чейин каларын түшүндүм. Кыдырып келип Чолпон-Атадан өтүп, Бостериге токтодум. Баалар 5000 теңге. Мунун ичине тамак-аш, душу жана туалети бар номер кирет. Алакөлдө бул акчага тамагы, душу менен табарың күмөн", — деген казакстандык.
Анын айтымында, кыргыз айылдарында туризмдин духун сезүүгө болот.
"Тейлегиси келбей уйкусураган официанттар жок. Баары чуркап иштеп жүрүшөт, стрид-фуд түрүндөгү ашлямфу, гриль, шишкебектер (стрид-фуд — көчөдө көтөрүп сатып жүргөн же ошол жерде даярдалган азыктар). Көтөрүнүп, кекирейгендер, "Алаколь ай лав ю" сындуу жазуулар жок. Бирок туризм кайнап жатат", — деп белгилеген турист.
Ал Бишкектен Ысык-Көлгө кеткен жолдогу ала таякчандар менен "жолугушуусун" да айтып берген.
"Эки саатта мени төрт ирет токтотушту. Акча үмүт эткенин байкаган жокмун. Сапарымдын максатын билип, кагаздарымды текшерип, кое беришти. Экинчи күнү аларды сагынып да кеттим, так, сылык жана кызыктуу адамдар менен сүйлөшкүң келет. Ал тургай көнө түшүптүрмүн. Биздин ИИМ кыргызстандык кесиптештеринен көп нерсе  үйрөнүшү керек экен", — деген Тужутов.
Ысык-Көлдө эс алып жатканда өзүңдү баракта турган "солдат" эмес, азыраак эле акчага корпуста же мейманканада жашагандыктан "адам катары сезесиң" деген пикирин айтып, таасири менен бөлүшкөн.
"Жергиликтүү кожоюндар сөзмөр келишет экен. Аларга турист алып келсең, сага атайын арзандатып беришет. Биздикилердин башкы сөзү — "баары жетиштүү", бирок базанын ичине кирсең, жарым-жартылай бош. Кыргыздар өзүнүн ишин унчукпай эле жасап жатышат, бизден ондогон жылдар озуп кеткен", — деп суктанган казакстандык жигит.
Ал туристтерди тил билүү боюнча эч ким башын чакпай тургандыгын айткан.
"Кааласаң орусча, кыргызча, казакча сүйлө, жергиликтүү эл сага кайсы тил ыңгайлуу болсо, ошол тилде жооп бергенге аракет кылат", — деп кошумчалаган.
Тужутов бир ирет туз таткан жерине миң күн салам бер болгондугун айткан.
"Мен бул жакка бир эле эмес, бир нече ирет кайтып келем. Дегеле Кыргызстан менин көңүлүмдө жылуу сезим менен калган өлкө болду, ал эми Ысык-Көл эс алган сүйүктүү жайлардын бирине айланды. Мен жөн эле эс алып, убакытты бекерге өткөргөн киши эмесмин, бирок бул жерде бардыгы чын пейилден, көңүлдөн жасалганы сени эс алууга жетелейт экен", — деп сөзүн жыйынтыктаган турист.
Тема боюнча:
Ар бир туристке меймандостугубузду көрсөтөлү! Садыр Жапаров элге кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0