Бишкекте EXPO Russia Kyrgyzstan 2022 өнөр жай көргөзмөсү ачылды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүӨнөр жай көргөзмөсүндөгү "КАМАЗ" стенди. Архив
Өнөр жай көргөзмөсүндөгү КАМАЗ стенди. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Жазылуу
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкекте бизнес-форум жана EXPO Russia Kyrgyzstan 2022/EXPO Eurasia-2022 өнөр жай көргөзмөсү ачылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, өкмөт мүчөлөрү жана Россия, Кыргызстан тараптан бизнес-өкүлдөр катышты.
"Азыркыдай экономикалык кризис болуп турган учурда бул сыяктуу биргелешкен аракеттер пайдасын гана берет деп ишенем. Кыргызстан менен Россиянын өнөктөштүгү эки тараптын тең экономикалык өсүшүнө пайдасын тийгизери талашсыз. Бүгүнкү көргөзмөгө катышып жаткан бизнес-өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем", — деди Төрөбаев.
Ошондой эле ал Кыргызстан менен Россия тарыхы бир достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамиледеги мамлекет экенин канааттануу менен белгиледи.
"Бүгүнкү иш-чара ишкердик чөйрөсүндөгү диалогду өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат деп ишенем. Кыргызстанда көптөгөн россиялык компаниялар ишмердүүлүгүн жүргүзөрүн белгилеп кетким келет. Биз алар үчүн ар дайым ачыкпыз жана жаңы бизнесмендерди кабыл алууга, жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз. Кыргызстан ак ниеттүү чет элдик инвесторлордун демилгелерин ишке ашырууга ар дайым жардамын аябайт", — деди Төрөбаев.
Көргөзмө жана бизнес-форум 21-23-июнь аралыгында өтөт. Иш-чараны "Зарубеж-Экспо" ААКсы Улуттук инвестициялык агенттик менен биргеликте уюштурууда. Мында Кыргызстанда заманбап тоо-кен техникасын чыгаруу боюнча өндүрүш баштоо, акыркы муундагы автобустарды чогултуу, медициналык буюмдарды биргелешип өндүрүү, заманбап навигациялык жабдуулары бар КамАЗдарды чыгаруу, "Мироторг" концернин кеңейтүү долбоорлору талкууланат.
Санкт-Петербургда юбилейлик XXV эл аралык экономикалык форумунун катышуучусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Россиялык компаниялар ЕАЭБ өлкөлөрүнө канат жаюуга ниеттенип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0