Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия Калининград транзити калыбына келбесе чара көрүлөрүн эскертти

© Sputnik / Евгений ОдиноковРоссиянын Тышкы иштер министрлиги
Россиянын Тышкы иштер министрлиги  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Жазылуу
Кечээ күнү РФ ТИМи Литва элчисинин милдетин аткарып жаткан Виргиния Умбрасенени чакырткан. Москва чектөөнү алып салууну талап кылууда.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги шейшемби күнү Европа биримдигинин элчиси Маркус Эдерерди чакыртып Калининград транзитин дароо калыбына келтирүүнү талап кылды. Бул тууралуу министрликтин сайтында айтылат.
"Элчиден Калининград транзитинин ишин калыбына келтирүү талап кылынды. Болбосо жооп катары чара көрүлөрү эскертилди", — деп айтылат документте.
Литванын темир жолдору 18-июндан тарта Европа биримдигинин санкциялык тизмесине кирген товарлары транзит аркылуу өткөрүлбөй турганы боюнча Калининград темир жолдоруна маалымат берген. Россиялык аймактын губернатору Антон Алиханов Калининград облусунун паром комплексинин жаңы жүктөрдү ташууга алы жете турганын билдирген. Литва аркылуу мунай азыктарын ташууга 10-августка чейин чектөө коюлбайт.
Кечээ күнү ТИМ Литванын элчисинин милдетин аткарып жаткан Виргиния Умбрасенени чакыртып, чектөөнү алып салууну талап кылган.
Россия Украинаны денацификация жана демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын баштагандан кийин Батыш мамлекеттери Москвага карата санкциялык басымын күчөттү. Апрель айында Европа биримдиги россиялык жана беларустук жүк ташуучуларга ЕБ аймагында жүрүүгө тыюу салган. Ал эми Калининградга кеткен транзитке чектөө киргизилген эмес. Президент Владимир Путин Россияны өнүктүрбөй кармап туруу жана алсыратуу Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы жана негизги максаты экенин айтып келет.
Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Мишустин: Батыштын санкциялары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн баарына таасир этүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0