Сага караганда казакмын! Кадыров ЖККУ боюнча сөзүн сындагандарга жооп берди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЧеченстан башчысы Рамзан Кадыров. Архив
Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Жазылуу
Буга чейин Кадыров уюмга кирген өлкөлөрдүн жетекчилерин Украинадагы окуялар боюнча позициясы жок деп айыптаган.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров анын ЖККУ тууралуу билдирүүсүнөн кийин социалдык тармактардын колдонуучуларынын жана "абдан акылдуу" блогерлердин сынына жооп берди.
Буга чейин Кадыров уюмга кирген өлкөлөрдүн жетекчилерин Украинадагы окуялар боюнча позициясы жок деп айыптаган.
Ал жаңы кайрылуусунда казак элине эч качан жаман сөз айтпаганын, буга чейин жалаң саясат жөнүндө гана сөз болгонун белгиледи.
"Мурдунан аркыны көрө албаган блогерлер менин сөзүмдүн контекстинен фразаларды алып чыгып, "Кадыров айтты" деп хайп жаратып жатышат. Мен казак элине каршы эч нерсе айткан жокмун. Кеп саясат, ЖККУ, мамлекеттин саясий позициясы жөнүндө болду", — деди Кадыров өзүнүн Telegram-каналында.
Анын айтымында, 1944-жылы (чечендерди Казакстанга жана Сибирге депортациялаганда) акыркы үзүм нанын тең бөлүшкөн казактарга чечен эли ар дайым ыраазы болуп келген.
"Мен казак элин абдан жакшы көрөм, абдан ыраазымын... Бардык чечендер, биздин ата-бабаларыбыз ыраазы болуп, казактарга жакшылык гана тилеп келишкен", — деди саясатчы.
Ал атасы Казакстанда туулганын кошумчалады.
"Мен силерге караганда көбүрөөк казакмын десем болот. Атам Казакстанда төрөлгөн, чоң атам Казакстанда иштеген, анын бир тууган агасынын сөөгү Казакстанда коюлган. Казакстанга жардам керек болсо, казак элинин жанында биринчи болуп мен турам", — деди Чеченстан башчысы.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Он жылдап күтпөйбүз! Рамзан Кадыров Зеленскийге кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0