Еврокомиссия: RT жана Sputnik агенттигине коюлган чектөө убактылуу коюлган

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүSputnik агенттигинин логотиби. Архив
Sputnik агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
Жазылуу
2-мартта Евробиримдик Россиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда RT телеканалы жана Sputnik агенттигинин контенти менен сигналын таратууга тыюу салган.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Евробиримдиктин RT телеканалына жана Sputnik агенттигине каршы санкциялары убактылуу экенин Еврокомиссиянын (ЕК) башчысынын орун басары Вера Юрова билдирди.
"Биз Russia Today жана Sputnik агенттигине каршы санкцияларды киргиздик жана санкциялык тизмеге дагы үч каналды кошууну ойлоп жатабыз. Бирок бул убактылуу нерсе, кырдаал тынчыгандан кийин санкцияларды алып салуу маселесине кайрылсак болот", — деди Юрова.
Евробиримдик 2-мартта Россиянын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясынын фонунда RT телеканалы жана Sputnik агенттигинин контенти менен сигналын таратууга тыюу салган. Атап айтканда, документте төмөнкү уюмдар көрсөтүлгөн:
RT — Russia Today Англия, RT - Russia Today UK, RT - Russia Today Германия, RT - Russia Today Франция жана RT - Russia Today Испания, Sputnik. Себеби айтылган эмес.
Евробиримдик ошондой эле өз аймагында "Россия РТР/РТР Планета", "Россия 24" жана "ТВ Центр – International" телеканалдарын көрсөтүүнү токтотту.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров буга чейин Батыш журналисттерге, спортчуларга жана маданият ишмерлерине каршы санкция киргизбейт деп ойлогонун айткан. Ал эми Россия президентине караштуу Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Валерий Фадеев ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейрого кайрылуу жолдоп, аны жарандардын эркиндигине тиешелүү нормаларды сактоо боюнча чараларды көрүүгө чакырган.
Батыштагы орус маалымат каражаттары боюнча кырдаал акыркы жылдары барган сайын оорлошуп баратат. 2016-жылдын ноябрында Европарламент россиялык маалымат каражаттарына каршы туруу зарылдыгын белгилеген резолюция кабыл алып, документте негизги коркунуч катары Sputnik агенттиги жана RT телеканалы аталган. Батыштын бир катар саясатчылары, анын ичинде америкалык сенаторлор жана конгрессмендер Sputnik агенттигин, RT телеканалын АКШ менен Франциядагы шайлоого кийлигишти деп айыптап, бирок эч кандай далил келтирген эмес.
Америкалык MQ-1C Gray Eagle пилотсуз чабуул коюучу аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: украиналыктардын АКШ менен Түркиянын пилотсуз учактарына ичи чыкпай турат
Жаңылыктар түрмөгү
0