20 эле депутат отурат. Парламентте кворум жок, регламентти кароо жылды

© Sputnik / Эламан КарымшаковЖогорку Кеңештин жыйыны
Жогорку Кеңештин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
Жазылуу
Вице-спикер депутаттарды залга келип жыйынга активдүү катышууга чакырды.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева кворум жок деп жыйынды токтотууну талап кылды.
Залда 20 гана депутат отурат, ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев 55 эл өкүлү каттоодон өткөнүн айтты.
Ал ортодо парламенттин регламентин кароого өтүшүп, Марлен Маматалиев баяндама жасап баштаганда башка депутаттар дагы кворум маселесин көтөрүштү.
Мындан улам саат 14:00гө чейин танапис жарыялоо сунушталып, добушка коюлуп, демилге өттү. Мындан улам регламенттин долбоору саат 14:00дөн кийин карала турган болду.
Андан соң вице-спикер депутаттарды залга келип жыйынга активдүү катышууга чакырды.
Депутат Кундузбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Ыйлабай, күлбөй, бир чечимге келиңиз! Ташиев депутат Сулаймановду какты
Жаңылыктар түрмөгү
0