Боомдо сел жүрүп, автоунаалар бир тилке менен каттап жатат. Видео

© Фото / ГП КыргызавтожолБоомдо сел жүрдү
Боомдо сел жүрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Жазылуу
ӨКМдин кызматкерлери учурда жолду тазалап жатат.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ысык-Көлгө кеткен Боом капчыгайында сел жүргөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман билдирип, видео жөнөттү.
Анын айтымында, жол жабылган жок. Машиналар бир тилке менен акырын өтүп жатат.
ӨКМдин кезмет нөөмөтчүсү сел Боомдун Кемин тарабында болгонун кабарлап, учурда жолду тазалоо иштери аткарылып жатканын билдирди.
Сел кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
Таластын Көпүрө-Базарында сел жүрүп, үйлөрдү каптады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0