Ошто жүк ташуучу унаа төрт адамды басып калган. Такталган маалымат

© Фото / пресс-служба МЧС КРОшто жүк ташуучу унаа төрт адамды басып калган
Ошто жүк ташуучу унаа төрт адамды басып калган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Жазылуу
Жүк ташуучу автоунаа көмүр ташып баратканы кабарланды.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ошто оодарылган жүк ташуучу автоунаа төрт адамды басып калган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Буга чейин кырсыктын кесепетинен үч бала каза болгону айтылган.
"Такталган маалымат боюнча, кырсыктан эки аял, эки бала каза тапты. Алардын аты-жөндөрү азырынча белгисиз", — деди ӨКМ.
Алдын ала маалымат боюнча, HOWO Касымбеков көчөсүнөн оодарылып кеткен.
Оштун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы төрт киши каза болгонун тастыктап, бир адам ооруканага жеткирилгенин билдирди. Ошондой эле жүк ташуучу автоунаа көмүр ташып баратканын кабарлады.
Жолдо бараткан жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Бишкек — Ош жолунда кырсык болуп бир киши көз жумду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0