Бишкектеги Ботаникалык бакты жарып өткөн жаңы жол. Асмандан тартылган видео

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖаңы ачылган Сухэ-Батор көчөсүнүн уландысы
Жаңы ачылган Сухэ-Батор көчөсүнүн уландысы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Жазылуу
Жолдун жаңы тилкеси жашыл айдың аркылуу өтөт жана Каралаев, 7-апрель көчөсүнө жетет.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Борбор калаада Аламүдүн суусу аркылуу өткөн көпүрөнү, Сухэ-Батор көчөсүнүн уландысын, тагыраагы, Ботаникалык бакты экиге бөлүп салынган жолду салтанаттуу түрдө ачышты.
Төрт тилкелүү кара жол Каралаев менен 7-апрель көчөсүн бириктирет.
Туурасы — 8 метр, ал эки жээгиндеги тротуарлардын эни 2, 25 метр.
"Бул жаңы тилкеден улам шаардыктар шаардын чыгыш бөлүгүнө түз чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан сырткары автотыгын азаят", — деди мэриядан.
Долбоор кытай грантынын эсебинен жасалган.
Мадина базарынын жанындагы көчөнүн кеңейтүү иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
"Мадина" базарынын жанындагы көчөнүн бир тарабы кеңейтилди. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0