Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мурзаев: улутту улут катары сактап калуунун жолу — элдик педагогикада

© Sputnik / Асылбек БактыбековПсихолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев. Архив
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Жазылуу
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев баланы, келечек муунду тарбиялоодо элдик педагогиканын таасири, ролу абдан чоң экендигин айтты.
Ааламдаштыруунун арааны жүрүп, билим жана тарбия берүүдө, жогорку билимдүү адистерди даярдоодо элдик педагогика болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп турат. Бул тууралуу Маматали Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мурзаев: улутту улут катары сактап калуунун жолу — элдик педагогикада
Анын айтымында, элдик педагогикага сугарылган адам өзүнүн жүзүн, иденттүүлүгүн, тилин жоготпойт.
"Элдик педагогика – улуттун сабаттуулугунун жана маданияттуулугунун уюткусу. Улуттун өз алдынча улут катары жашап, улуттук улуу дөөлөттөрдү сактап, барктап, келечек муундарга берүүдө аталардан калган тарбия маанилүү. Башка маданияттардын таасири курч болуп турганда, интернеттин өнүгүшү, түрдүү маалыматтардын көбөйүшү жаштарга кедергисин тийгизбей койбойт. Кыргыздын салттуу музыкасы, "Манас" эпосу, дастанчы, санатчылар көбүнө таасир берип, үлгү болуп келишкен. Бүгүнкү күндүн мисалында алсак, ийгилик жараткан спортчулардын коомдогу орду эбегейсиз. Убагында өспүрүм кыздар күрөшкө барам десе, элден уялып, жакындарынан жаман сөз угуп келген. Азыркы учурда балбан Айсулуу Тыныбекова миңдеген кыздарга үмүт берип, үлгү болуп турат. Ата-энелер өзүлөрү кыздарын күрөшкө жетелеп алып бара баштады. Акжол Махмудов, Канат Бегалиев, Айсулуу Тыныбекова жүз миңдеген балдар, кыздарга жол көрсөттү. Алар патриот болууга, элди, журтту сүйүүгө, мекенчил болууга, таза жүрүүгө жана эмгекчилдикке үйрөтүп жатышат. Бул элдик педагогиканын таасири. Андыктан ата-эне бабалардан калган улуу мурасты балдарына жеткириши зарыл. Себеби улутту улут катары сактап калуунун жолу элдик педагогикада", — деди Мурзаев.
Ошондой эле адис элдик педагогиканын мааниси мектеп, бала бакчада жайылтылса, мекенчил муун тарбияланып чыгарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0