Владимир Путин Тажикстанга барат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүү Заседание Совета глав государств СНГ в Душанбе
 Заседание Совета глав государств СНГ в Душанбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Жазылуу
Россиялык лидер Түркмөнстанда өтө турган Каспий саммитине да катышмакчы.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин келе жаткан жума ичинде Тажикстанга барат. Бул тууралуу “Россия 1” каналынан көрсөтүлгөн "Москва. Кремль. Путин" берүүсүндө кабарланды.
“Путин алгач Душанбеге барат. Ал жактан Тажикстандын президенти (Эмомали Рахмон – ред.) менен сүйлөшүп, жумушчу түштөнүү болот”, - дешти программадан.
Мындан тышкары, Путин келе жаткан жумада Түркмөнстанга да барып, Каспий саммитине катышары айтылды. Ошондой эле Москвадан Индонезиянын башчысы Жоко Видодо менен жолугушат.
ЖККУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Путин ЖККУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кам көрүү зарылдыгын билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0