ДССУнун адистери маймыл чечеги боюнча абал өтө оор экенин моюндады

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүБүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эмблемасы. Архивдик сүрөт
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эмблемасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Жазылуу
Жыл башынан бери маймыл чечеги 48 өлкөдө 3,2 миң кишиден табылды.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) маймыл чечеги боюнча абал дүйнө жүзүндө өзгөчө кырдаал абалын жарыялоого жетпесе дагы өтө оор экенин моюнга алды.
"Уюмдун өзгөчө кырдаалдар комитетинин бир нече адиси абал өтө оор экенин айтканына карабастан, жалпысынан ДССУнун башкы директоруна ушул этапта эпидемия эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал абалына жете элек деген маалымат берүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат билдирүүдө.
ДССУнун соңку маалыматы боюнча, жыл башынан бери маймыл чечеги 48 өлкөдө 3,2 миң кишиден табылды.
Маймыл чечеги — сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алгандардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.
Маймыл чечеги менен ооруган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
ДССУ башчысы маймыл чечеги дүйнөдө канча кишиде тастыкталганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0