Прокуратура: "Чыгыш электрдин" кызматкерлери айлыгын көтөрүп алган

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча санап жаткан адам. Архив
Акча санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Жазылуу
Энергетиктердин майрамына карата 7 миллион сомго жакын каражат мыйзамсыз төлөнгөнү айтылууда.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. "Чыгыш электр" ишканасынын жетекчилиги мамлекетке 20 миллион 491 миң 700 сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында акционердик коомдун кызматкерлеринин эмгек акысы жогору көрсөтүлүп келгени аныкталган.
"Кѳрсѳткүчтѳр чыгашалуу болгондугуна карабастан, кызматкерлерге эмгек акыдан тышкары ай сайын сый акы тѳлѳмдѳрү жүргүзүлүп, 2021-жылга карата бекитилген суммадан 13 миллион 601 миң 700 сом ашыкча берилип кеткендиги тастыкталды. Мындан тышкары, негизги акционер болгон мамлекеттин кызыкчылыгы четке кагылып, коомдун бекитилген эмгек акы фондунда үнѳмдѳлгѳн акча каражаты жок болгондугуна карабастан "Чыгыш электр" коомунун жетекчилигинин буйругу менен энергетиктердин майрамына карата 6 миллион 890 миң сом дагы мыйзамсыз төлөнгөн", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада аталган коомдун кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 20 миллион 491 миң 700 сом зыян келтирилген.
Факты боюнча Ысык-Кѳл облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Прокуратура: Таласта лицей кызматкерлери айлыгын 9 эсе көтөрүп алган
Жаңылыктар түрмөгү
0