Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши баласы менен Бишкектеги Ала-Тоо аянтында
Киши баласы менен Бишкектеги Ала-Тоо аянтында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Жазылуу
29-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Шаршемби, 29-июнда, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Күндүн табы Чүй облусунда +33...+38, Таласта +31...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +34...+39, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +25...+30 градуска чейин көтөрүлөт.
Борбор калаада абанын температурасы +36...+38, Ош шаарында +37...+39, Чолпон-Атада +27...+29 градусту көрсөтүп турат.
Ош шаарында селден кийин ылайланган сууну тазалоочу система сыноодон өткөрүлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Ош шаарында ичүүчү сууну тазалаган жаңы системага 10 күн бою сыноо жүргүзүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0