Акылбек Жапаров жаңыланган вагонго түшүп Бишкектен Балыкчыга чейин барды. Видео

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыланган вагондо Бишкектен Балыкчыга чейин барды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыланган вагондо Бишкектен Балыкчыга чейин барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Жазылуу
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы инженери Роман Спасский темир жол паркын жаңырта баштаарын айтып берди.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыланган вагондо Бишкектен Балыкчыга чейин, тагыраагы, акыркы аялдамага чейин барып, оңдоо иштеринин сапатын көзөмөлдөдү.
Бул жекшемби күнү, 26-июнда, "Бишкек 2 — Рыбачье" темир жол каттамына модернизацияланган вагонду ишке киргизүү процессинин алкагында болгон. Анткен менен өкмөттүн маалымат кызматы аталган сапар боюнча билдирүүнү бүгүн таратты.
Эске салсак, буга чейин "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы ички каттамдар үчүн модернизацияланган вагонду көрсөткөн. Жапаров менен кошо анын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, орун басарлары Бакыт Төрөбаев жана Эдил Байсалов жүргөнүн көрүүгө болот.
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыланган вагондо Бишкектен Балыкчыга чейин, тагыраагы, акыркы аялдамага чейин барып, оңдоо иштеринин сапатын көзөмөлдөдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыланган вагондо Бишкектен Балыкчыга чейин, тагыраагы, акыркы аялдамага чейин барып, оңдоо иштеринин сапатын көзөмөлдөдү - Sputnik Кыргызстан
1/3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыланган вагондо Бишкектен Балыкчыга чейин, тагыраагы, акыркы аялдамага чейин барып, оңдоо иштеринин сапатын көзөмөлдөдү

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Бул жекшемби күнү, 26-июнда, "Бишкек 2 — Рыбачье" темир жол каттамына модернизацияланган вагонду ишке киргизүү процессинин алкагында болгон

Бул жекшемби күнү, 26-июнда, "Бишкек 2 — Рыбачье" темир жол каттамына модернизацияланган вагонду ишке киргизүү процессинин алкагында болгон - Sputnik Кыргызстан
2/3

Бул жекшемби күнү, 26-июнда, "Бишкек 2 — Рыбачье" темир жол каттамына модернизацияланган вагонду ишке киргизүү процессинин алкагында болгон

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Анткен менен өкмөттүн маалымат кызматы аталган сапар боюнча билдирүүнү бүгүн таратты.

Анткен менен өкмөттүн маалымат кызматы аталган сапар боюнча билдирүүнү бүгүн таратты. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Анткен менен өкмөттүн маалымат кызматы аталган сапар боюнча билдирүүнү бүгүн таратты.

1/3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыланган вагондо Бишкектен Балыкчыга чейин, тагыраагы, акыркы аялдамага чейин барып, оңдоо иштеринин сапатын көзөмөлдөдү

2/3

Бул жекшемби күнү, 26-июнда, "Бишкек 2 — Рыбачье" темир жол каттамына модернизацияланган вагонду ишке киргизүү процессинин алкагында болгон

3/3

Анткен менен өкмөттүн маалымат кызматы аталган сапар боюнча билдирүүнү бүгүн таратты.

"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясынан өз күчү менен вагонду модернизациялап, заманбап муздатуу системасы, панорамалык терезелер менен жабдып, аны орнотуу үчүн шыптарды, полдун аянтын бекемдөө, эшиктерин, санитардык түйүндөрдү орнотуу боюнча кошумча иштер жүргүзүлгөнүн айтышты.
"Бишкек — Рыбачье" жолу боюнча "поездде саякаттоо" шартында өткөн кеңешменин жүрүшүндө анын катышуучулары бир катар маселелерди, алардын катарында артыкчылыктуу деп саналган Кыргызстандын жол-транспорт системасын жакшыртуунун келечеги маселеси талкууланган.
Өлкөнүн темир жол жана транспорттук темир жол парктарын модернизациялоонун кандай варианттары чыгат, ишкананын өзүндө жетиштүү күчтөр жана ресурстар барбы, болбосо, колдоону кайдан күтө алабыз деген суроолорду Акылбек Жапаров президенттик администрациянын жана министрликтердин өкүлдөрү менен бейрасмий көчмө жыйындын күн тартибинде талкуулаган.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Роман Спасский темир жол паркы көп жылдар бою жаңыртылбай келгендигин билдирген. Анын айтымында, сериялык сатып алууларды ишке ашыруу кымбатка турган.
"Паркты масштабдуу жаңыртуу боюнча тутумдуу иштер совет мезгилинен бери жүргүзүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө "Бишкек — Рыбачье" багыты боюнча жүргөн бул вагондордо көпчүлүк, атүгүл ушул салондо отургандар дагы 80-жылдары мектепке барышчу. Алардын ыңгайсыз экенин, заманбап талаптарга жооп бербей тургандыгын баары түшүнөт. Мен полдун абалы жана кондиционерлердин жоктугун айтпай эле коёюн. Бул чоң көйгөй, аны биз өз алдыбызча чече баштадык. эки айдын ичинде заманбап талаптарга жооп берген вагонду өз күчүбүз менен жасап чыктык", — деген Спасский.
Ал темир жол паркын "олуттуу түрдө жаңырта тургандыктарын" айткан.
Спасский Жапаровго аталган маселеге көңүл бургандыгы жана көйгөйлөрдү талкуулоо максатында өзгөчө форматты тандагандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
Поезддин вагондору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Балыкчыдан Бишкекке бараткан поезд артка кайтарылды. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0