Бир нерсе издеген сымал... Байдендин буйдалып калган видеосу

© AFP / BERTRAND GUAYАКШ президенти Жозеф Байден
АКШ президенти Жозеф Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Жазылуу
Акыркы учурда АКШ президентинин адаттан тыш кыймылдарды жасап жаңылып калган видеолорун ЖМКлар көп жарыялай баштады.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байдендин "Чоң жетиликтин" саммитинин алкагында өткөн Испан королунун кабыл алуу салтанатында буйдалып туруп калган учуру социалдык тармакка тарап кетти.
Ал кадрларды RT өзүнүн Тelegram каналына койду.
Байден отургучтун жөлөнгөн жагын кармап, эки жакты карап, столдун үстүнөн көзү менен бир нерсе издеп, бир саамга буйдалып туруп калгандыгы кадрга түшүп калган.
Акыркы учурда АКШ президентинин адаттан тыш нерселерди жасап алган видеолорун ЖМКлар көп жарыялай баштады.
Буга чейин Байдендин өзүн эл алдында кантип алып жүрүүсү керектиги боюнча көрсөтмөлөр жазылган кагазды капысынан коомчулукка көрсөтүп алганын жазып чыгышкан.
Опять конфуз — Байден не смог выговорить слово во время выступления. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Кайрадан жаңылды. Байдендин Ак үйдөн тартылган видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0