Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абылкасымова: ЖОЖдорго абитуриенттерди тандоо июлдун ортосунда башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова
Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова быйыл жогорку окуу жайга тапшырууда 288 бүтүрүүчүгө жеңилдик берилерин айтты.
ЖОЖдорго тапшыруу сынагына белгиленген босогодон жогору балл алган абитуриенттер кабыл алынат. Босого балл ЖРТнын жыйынтыгы (4-июлдан соң) толук чыккандан кийин белгиленет. Бул тууралуу Гүлмира Абылкасымова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Абылкасымова: ЖОЖдорго абитуриенттерди тандоо июлдун ортосунда башталат
Анын айтымында, автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу бүтүрүүчүлөр 78 окуу жайга (33 мамлекеттик, 45 мамлекеттик эмес) тапшыра алат.
"Кыргызстанда 2020-жылдан тарта ЖОЖдорго кабыл алуу 2020.edu.gov.kg бирдиктүү порталы аркылуу жүргүзүлөт. Быйыл дагы абитуриенттер ЖОЖдорго онлайн кабыл алынат. Университетке кабыл алуу боюнча сынакка катышуу үчүн абитуриенттер "Абитуриент Онлайн" автоматташтырылган маалыматтык системасына кирип, катталуу бөлүмүнө ЖРТ сертификатынын жана паспортунун номерин жазышы керек. Текшерүүдөн кийин ЖРТга каттоо учурунда көрсөтүлгөн телефон номерине жеке кабинетине кирүү үчүн логин жана пароль жөнөтүлөт. Ал логин жана пароль менен бүтүрүүчү автоматташтырылган системага катталып, окуу жайын жана адистикти тандайт. Автоматташтырылган маалыматтык системага паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, орто жалпы билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом жана ЖРТнын сертификатынын алдыңкы бети тиркелиши керек. Ал эми аталган документтердин түп нускаларын жогорку окуу жайга окуу жылдын башында беришет. Келишимдик негизде окутуу үчүн сынакта абитуриенттердин категориялары эске алынбайт. Бул учурда ЖРТнын упайы гана маанилүү. Ал эми гранттык (бюджет) негизде окугандарга жеңилдиктер каралган. Алсак, 1-2-топтогу майыптар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, 2002-жылдын 17-18-мартындагы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяларда курман болгон жарандардын балдары, 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларында курман болгон жарандардын балдары жана кайрылман статусуна ээ болгон жарандарга жеңилдиктер (быйыл 288 адамга жеңилдик берилет) каралган. Бул абитуриенттер катталуу учурунда тастыктоочу документтерин электрондук форматта тиркеши керек. ЖОЖдорго абитуриенттерди тандоонун биринчи туру июлдун ортосунда (16-июлдан кийин) башталат. Жалпысынан кабыл алуу өнөктүгү үч тур менен өтөт. Тандоо турларынын так убактысы жакында маалымат системасына чыгарылат", — деди Абылкасымова.
Ал онлайн порталдан университеттер, адистиктер, бюджеттик орундар жана келишимдик (контракт) негизде окуунун баасы тууралуу маалыматтарды окуп, андан тышкары, абитуриенттерди кызыктырган суроолорго жооп алып жана маалыматтык видеороликтерди көрсө болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0