Дарыгер мээ кайнаткан ысыктан коргонуунун жол-жобосун айтып берди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЫсыкта кол чатыр кармаган аял
Ысыкта кол чатыр кармаган аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Жазылуу
Медик сууну аз ичкен, синтетикалык кийим кийген, катуу чарчаган адамдарга тезирээк күн өтөрүн эскертти.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Адам жайкысын ачык асман алдында гана эмес, бөлмөнүн ичинен дагы ысык өткөрүп алышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге Москванын Саламаттык сактоо департаментинин баштапкы медициналык-санитардык жардам боюнча башкы штаттан тышкаркы адиси Андрей Тяжельников айтып, кандай жагдайлардан сактануу керектигин тизмектеп берди.
Дарыгердин пикиринде, ачык асман алдында ысык өткөрүп алуу үчүн кишиге 20 мүнөт жетиштүү.
Кайсы жерлер ысыктын күнү организм үчүн кооптуу:
абанын табы 40 градустан ашканда көлөкөдө турган кишиге дагы күн өтөт;
үйдүн желдетилбеген бөлмөсү жана ишканалардын жабдуулар иштеп турган жайлары ден соолукка бир топ залакасын тийгизет.
Ошондой эле адис сууну аз ичкен, синтетикалык кийим кийген, катуу чарчаган адамдарга тезирээк күн өтөрүн эскертти.
Мындан тышкары, дарыгер адамдын дене табы 40 градустан ашып кете электе ага медициналык жардам көрсөтүү керектигин айтат. Бул көрсөткүчтөн ашкан соң мээнин жана жүрөк-кан тамыр системасынын иши олуттуу өзгөрүп, кооптуу жагдай түзүлөт.
Тоодо саякаттап жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Кышында оорубаш үчүн жайында эмне кылуу керек? 8 эреже
Жаңылыктар түрмөгү
0