Вице-спикер "Бүтүн Кыргызстанга" жинденип, парламентти тарап кетүүгө чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-спикер Нурбек Сыдыгалиев
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Жазылуу
Төраганын орун басары биринчи болуп өзү мандатын тапшыра турганын айтты.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаттарына ачууланып, парламентти тарап кетүүгө чакырды.
Бүгүнкү жыйында жарандар чогулткан байлыгын ачык көрсөтсө кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыккан Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев добуш бербей койду. Мындан улам аны күн тартибинен алуу маселеси каралган.
"Эмне эки депутат добуш бербесе эле алып коё беребизби. Урматтуу депутаттар, бири-бирибизди сыйлабайлыбы. Макул же каршы добуш бербейсиздерди. Болбосо тарап кетеличи. Тизме чогулталы анда, мен биринчи кол коюп, мандатымды тапшырайын. Иштесек жакшы иштейли, бири-бирибизди түшүнүп. Иштебесек анда тарайлы баарыбыз, кетели", — деди Сыдыгалиев.
Аны менен катар вице-спикер "Бүтүн Кыргызстан" саботаж кылып жатканын айтып, депутаттарынын компьютерин өчүрүп салуу керектигин билдирди.
Депутат Балбак Тулобаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Балбак Түлөбаев президенттин өкүлүнө таарынып залдан чыгып кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0