Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Истамбаев: Опера жана балет театры жайкы концерттердин циклин баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмаз Истамбаев
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмаз Истамбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмаз Истамбаев быйыл Мальта, Италия, Грузия, Корея, Россиянын артисттери келип концерт берерин айтты.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын бул сезону расмий түрдө 2-июлда 20:00дө өтүүчү гала-концерт менен жабылмак. Бирок маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен сүйлөшүп, жайында өлкөгө туристтер көп келгендиктен театр ишин улантмай болду. Себеби туристтер аэропорттон таксиге түшкөндө эле көбүнчө "силерде Опера жана балет театры барбы?" деп сурашат экен. Бул тууралуу Алмаз Истамбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Истамбаев: Опера жана балет театры жайкы концерттердин циклин баштайт
Анын айтымында, бул жылы Мальта, Италия, Грузия, Корея, Россиянын артисттери келип концерт берет.
"Учурда атайын мобилдик топ түзүп, июль-август айларындагы жайкы сезонго даярдык көрүүдөбүз. Эмгек кодексине жараша театрдын солисттери эс алууга чыгышат, ал эми жаңы келген жаш солисттер толугу менен иштейт. Гала-концерт быйыл театрдын жанындагы паркта ачык асман алдында өтөт. Анткени имараттын залдарында кондиционер жок болгондуктан ысып кетип жатат. Андан соң ошол жерде жайкы концерттердин цикли башталып, хор, опера солисттери оркестрдин коштоосунда өнөрүн тартуулайт. 11-июлда Түштүк Кореядан атактуу маэстро Но Тэ Чол бизнесмендердин делегациясы менен учуп келет. Ал киши театрдын солисттери эс алуудан келгенден кийин "Травиата", "Риголетто" операларын, андан тышкары, дүйнө жүзүндөгү театрларда коюлуп келген "Летучая мышь" опереттасын коюу сунушун айткан эле. Мурда театрдын жаңы сезону октябрда ачылса, бул жылы расмий түрдө 17-сентябрда ачылат. Ар жылы салттуу түрдө сезонду "Айчүрөк" операсы менен ачып келген элек. Декорация, костюмдар эскирип кеткендиктен көркөм кеңеш менен сүйлөшүп, эски реквизиттерди реставрацияладык. Жаңы сезонду дагы деле "Айчүрөк" операсы менен ачабыз. Ошондой эле акыркы жылдары коюлбай калган "Саманчынын жолу" балет-ораториясы 18-сентябрда элге сунулат. Жаңы репертуардан "Адам" аттуу балет жаш бийчилер тарабынан коюлууда. Келе жаткан театралдык сезон биздин 80 жылдык юбилейибизге туш келип жатат. Андыктан алдыда чоң долбоорлор күтүүдө. Жакында эле Казакстандын Абай атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрына барып, жетекчилери менен сүйлөшүп келдим. Алар бизге "Кыз Жибек" операсын, "Ромео жана Жульетта" балетин алып келмей болду. Ал эми Константин Станиславский жана Владимир Немирович-Данченко атындагы Москва академиялык музыкалык театрынын көркөм жетекчиси Александр Титель менен сүйлөшүп, алар да "Богема" операсын алып келишерин, ошону менен бирге аны бизге белекке да бермей болушту. Андан тышкары, бул жылы Мальта, Италия, Грузия, Корея, Россиянын артисттери келип концерт коет. Ал эми 2022-жылдын декабрь айында өлкөдө Genesis шоу-балетинин дүйнөлүк премьерасы болот", — деди Истамбаев.
Ал Пётр Чайковскийдин "Ак куулар көлү" балетине катышууга келген Башкыртстан мамлекеттик опера жана балет театрынын солисттери, эл аралык сынактардын лауреаттары жана аталган мамлекеттин эмгек сиңирген артисти Ирина Сапожникова жана КР эмгек сиңирген артисти Канат Надырбек менен келишим түзүп, труппага алышканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0