Ысык-Көл: пансионаттагы мушташтын дагы бир видеосу тарады

© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Пляждагы жаштар пансионаттын коопсуздук кызматкерлери менен мушташа кетип, 18 адам кармалган.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Социалдык тармактарда Ысык-Көлдө пансионаттын күзөтчүлөрү менен эс алуучулардын массалык мушташынын дагы бир видеосу пайда болду.
Буга чейин соцтармакка андан башка бир видео тараган. Жаштар пансионаттын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен мушташа кеткени кабарланып, тартип сакчылар 18 адамды кармаган болчу. Алардын бирөө Жалал-Абад облусунун, үчөө Чолпон-Атанын, калгандары Сары-Ой айылынын тургундары экени аныкталган.
РИИБге алып келингендердин көрсөтмөлөрүнө ылайык, жаңжалдашкан тараптардын бири пансионаттын пляжында конок тосуп жаткан. Алардын бири суудан анча алыс жерде заара ушатып жаткандыктан коопсуздук кызматкери (жергиликтүү тургун) эскертүү берген. Эс алып жаткандар ага көңүл бурбай, пикир келишпестик ошол себептен башталган.
Ысык-Көл облусунун милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Милиция Ысык-Көлдөгү пансионатта чыккан мушташтын себебин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0