Асылып, сабап жаткан. Чүйдө карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салды

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жазылуу
47 жаштагы айдоочу аялдамада турган аялды машинасына салып кетип, жолдон ага асылганда качып чыккан.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области

Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салды

Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салды - Sputnik Кыргызстан
1/3

Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салды

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области

Окуя бүгүн, 1-июлда, болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон

Окуя бүгүн, 1-июлда, болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон - Sputnik Кыргызстан
2/3

Окуя бүгүн, 1-июлда, болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области

Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

1/3

Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салды

2/3

Окуя бүгүн, 1-июлда, болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон

3/3

Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Окуя бүгүн, 1-июлда, болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон.
Билдирүүгө караганда, аялдамада турган 33 жаштагы аял эртең менен саат 7:45те өтүп бараткан машинаны тосуп ичине отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин эле автосун жол четине токтотуп аялга асыла баштаган.
"Аял эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан унаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп эч бир себеби жок эле аялды уруп-согуп, чачынан тартып сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Оштогу Ак-Буура дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Ошто сууга чөккөн кыз-жигиттин сөөгү табылды. Окуянын чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0