Ишембиге карата аба ырайы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНарын облусундагы тоолорго көрүнүш. Архив
Нарын облусундагы тоолорго көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жазылуу
2-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ишембиде күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт, ал эми калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Таласта +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +25...+30 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +33...+35, Ош калаасында +34...+36, ал эми Чолпон Атада +26...+28 градуска жетет.
Пляжда эс алып жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жаан-чачындуу болобу? Июль айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0