Россия туралуу айткан Жо Байденди Жефф Безос ыңгайсыз абалда калтырды

© AP Photo / Reed SaxonAmazon ээси, негиздөөчүсү Жефф Безос. Архив
Amazon ээси, негиздөөчүсү Жефф Безос. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Жазылуу
Безос Байденди экономиканын негизги мыйзамдарын билбегендик бул же тикеден тике жаңылуу, же рыноктун базалык динамикасын терең түшүнбөгөндүк деп күнөөлөдү.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Amazon ээси, негиздөөчүсү Жефф Безос АКШ президенти Жозеф Байденди штаттардагы инфляция Россиянын Украинадагы аракетинен улам өсүп жатат деген билдирүүсүнөн кийин аны ыңгайсыз абалга калтырган жообун берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Май куюучу бекеттердеги бааны аныктаган компанияларга, алардын башкаруучуларына кайрылуум жөпжөнөкөй: азыр глобалдуу кооптуулук менен чыр-чатактын учуру",— деп жазган Америка жетекчиси май куюуучу бекеттердеги бааны төмөндөтүүгө ишкерлерди чакырган Twitter баракчасына.
Безос буга жооп кылып, Байденди экономиканын негизги мыйзамдарын билбейсиң деп күнөөлөдү.
"Ой. Инфляция — Ак үй мындай билдирүүлөрдү жасоосун уланта бере турган өтө маанилүү көйгөй. Бул же тикеден тике жаңылуу, же рыноктун базалык динамикасын терең түшүнбөгөндүк", — деген бизнесмен.
АКШнын президенти экономикалык кризисти Украинадагы чатактын курчуп кетишине байланыштырып бир нече ирет сүйлөгөн. Штаттардагы өсүп кеткен инфляцияны ал "путиндик кымбаттоо" деп атаган. Россия президенти анын сөздөрүнө комменатарий берип, мындай билдирүү кат-сабаты жок, окуганды билбегендерге багытталгандыгын айтты. Азык-түлүк жана күйүүчү май көйгөйлөрү Вашингтондогу администрациянын, европалык бюрократиянын системалык түрдө кетирген каталарынын кесепети экендигин так, түшүнүктүү кылып негиздеп берген.
Ал арада Ак үйдүн расмий өкүлү Карин Жан-Пьер Безоско жооп берип, нефть жана газ компанияларынын "Америка элинин эсебинен ири киреше көрүү" аракетин колдоп жатат деп айыптоодо. https://ria.ru/20220704/bezos-1799980608.html Анын айтымында, нефтинин баасы өткөн айда болжол менен 15 долларга төмөндөгөнү менен май куюучу жайларда бензин арзандаган эмес. Карин Жан-Пьер бул "рыноктун базалык динамикасы" эмес экенин айтып, америкалык керектөөчүнү сызга отургузуучу рынок экенин белгилеген.
"Америка элинин эсебинен пайда табуу үчүн нефть жана газ компанияларынын рыноктун таасирин пайдаланганын экономикабыздын анык жүзү деп эсептей турганыңыз мен үчүн таң калычтуу деле эмес", — деп жазган Ак үйдүн өкүлү.
Россиянын энергия булактарынын импортуна тыюу салынгандан кийин АКШда бензин рекорддук баага жетти. Эң жогорку көрсөткүч 11-мартта болгон, анда бир галлон (3,7 литр) 4,3-5,82 долларга чейин көтөрүлгөн. Инфляция кырк жылдык рекорддорду ашып өтүп, 8,5 пайызды чапчыган.
АКШнын финансы министри Жанет Йеллен  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Мынчалык болот деп ойлобоптурмун. АКШ финансы министри кымбаттоо боюнча айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0