Кыргызстанда 21-июль күнү Борбор Азия өлкө башчыларынын жолугушуусу өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБорбор Азия өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусу. Архив
Борбор Азия өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Жазылуу
Лидерлер аталган иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алышкан.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. 21-июлда Кыргызстанда Борбор Азия өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтөрүн президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө консультативдик жолугушууга даярдыктарды жана күн тартибин талкуулашкан.
Маалым болгондой, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери аталган иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алышкан.
Былтыр аталган иш-чара Түркмөнстанда өткөн.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Жапаров Мирзиёев менен сүйлөшүп, өлкөдөгү окуяга тынчсыздануусун билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0