Өзгөндө 34 жаштагы келин жети күндөн бери дайынсыз болууда. Сүрөтү

© Sputnik / Табылды КадырбековАртын карап отурган аял. Архив
Артын карап отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Жазылуу
Келин эртең менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ош облусундагы Өзгөн районунун тургуну Бузуура Жаанбаева жети күндөн бери дайынсыз болууда. Бул туурасында Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиОш облусундагы Өзгөн районунун тургуну Бузуура Жаанбаева жети күндөн бери дайынсыз болууда
Пропавшая жительница Узгенского района Бузуура Жаанбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Ош облусундагы Өзгөн районунун тургуну Бузуура Жаанбаева жети күндөн бери дайынсыз болууда
Милицияга 34 жаштагы келиндин кайнатасы кайрылып, ал 28-июнь күнү болжол менен саат 08:00дөр чамасында Өзгөндүн Төрт-Көл айыл аймагынын Шоро-Башат айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Жаанбаева башына ак жоолук салынып, үстүнө жашыл түстөгү көйнөк, кара шым, боз түстөгү бут кийим кийип чыккан. Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык чырай, кара тору, кашы-көзү кара, чачы узун, кара экени айтылды.
Ош милициясы жарандардан жоголгон келин тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Телефону: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 334323, 0504 445541.
Бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Издөө салабыз! Бишкекте 11 жаштагы бала жоголду. Сүрөтү, белгилери
Жаңылыктар түрмөгү
0