Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Дмитрий Паршин / Медиабанкка өтүүЖаан. Архив
Жаан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2022
Жазылуу
7- июлда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көлдө сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бейшемби күнү эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош жана Жалал-Абаддын тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Баткенде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Таласта +24...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +23...+28, Нарын аймагында +21...+26 градус болот.
Бул күнү Бишкек, Чолпон-Атада эртең менен жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо +29...+31, Ош калаасында +32...+34, ал эми Чолпон Атада +24...+26 градуска жетет.
Пляжда эс алып жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жаан-чачындуу болобу? Июль айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0