Германияда бийлик россиялык газдын ордуна башкасын таба албагандыгын айтты

© AP Photo / ECKEHARD SCHULZГаз сактоочу кампа. Архив
Газ сактоочу кампа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2022
Жазылуу
Германиянын соода флотунда газды узак аралыкка ташый турган танкер жок. Жалпысынан алганда дүйнө боюнча мындай 500 танкер иштейт, бирок ага башка аймактардын суроо-талабы күч.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Германиянын вице-канцлери, климатты сактоо жана экономика иштери боюнча министри Роберт Хабектин Россия газынын ордуна башкасын табабыз деген планы ийгиликсиз болуп калды. Бул тууралуу бундестаг депутаты Торстен Фрай жергиликтүү басылмага маек берип жатып айткандыгын РИА Новости жазды.
Басылма министр деңиз аркылуу Германияга 2023-жылдын биринчи жарымында 13 миллиард куб метр газ ташып келүүнү пландап, ал Россиядан алып турган көгүлтүр оттун бир бөлгүн жаба турганын айткан.
"Министр Хабектин газ боюнча стратегиясы ишке ашпай калды жана келе жаткан кышта жага турган көлөмдөгү газды камсыздай албай турат. Ошондуктан газ кампабызды толуктоо үчүн болгон нерсени жасашыбыз керек", — деди Фрай.
Кеме ээлеринин бирикмесинен Мартин Крегер бул жерде Берлиндин көйгөйү газ ташып келүү үчүн зарыл болгон кемелердин чыкпай жатышында экендигин айткан.
"Германиянын соода флотунда газды узак аралыкка ташый турган танкер жок. Жалпысынан алганда дүйнө боюнча мындай 500 танкер иштейт, бирок ага башка аймактардын суроо-талабы күч", — деген адис.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан тарта Батыш Москвага басымын күчөткөн. Бир катар өлкөлөр россиялык активдерди өздөрүнүн аймагынан чыгарбай койгон, бир топ бренддер өлкөдөн чыгып кетти. Евробиримдик санкциялардын алтынчы пакетин бекитти, анда мунай менен көмүргө эмбарго салуу каралган.
Кремль Батыштын учурдагы кадамдарын мурда болуп көрбөгөндөй экономикалык согуш деп атады. РФ лидери Владимир Путин муну Батыштын Россия экономикасын чөгөлөтүү үчүн жасалган узак мөөнөттүү стратегиясы деп атап, санкциялар дүйнө экономикасын бүк түшүрүп жатканын айтты. Путин АКШ менен Европанын негизги максаты дүйнөдөгү миллиондогон адамдын жашоо-турмушун начарлатуу экендигин кошумчалаган.
Газ плитасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Россиянын газы жок. Германиялыктардын көбү кышка кабатыр
Жаңылыктар түрмөгү
0