Караколдун чок ортосунда дрифт жасаган айдоочу кармалды

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиКаракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө дрифт жасаган унаа
Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө дрифт жасаган унаа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2022
Жазылуу
Милиция кызматкерлери 19 жаштагы баланы колго түшүргөн.
БИШКЕК, 6-июл.— Sputnik. Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө айдоочу автоунаасын чаң ызгыта айдап, дрифт жасаганын Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиДрифт на одной из главных дорог Каракола
Дрифт на одной из главных дорог Каракола - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2022
Белгилүү болгондой, жакында эле аталган көчөдө реконструкция иштери аяктап, жаңы асфальт төшөлгөн.
Окуя 5-июль күнү кечинде болгон. Күбөлөр Toyota Carina унаасынын дрифт жасаганы тууралуу дароо милицияга кабарлаган. Жерине укук коргоо органдары барып, Бишкектин 19 жаштагы тургунун колго түшүргөн. Ага 189-берене ("Автоээнбаштык") боюнча протокол түзүлүп, 7 500 сом айып салынды.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, Аламүдүн районунда эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен шектүү кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Чүйдө эки өспүрүмдү кагып качып кетти делген айдоочу кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0