Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ашымов: саясий эмес кызматтарга талап өтө жогору болууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик кадр боюнча көз карандысыз эксперт Самат Ашымов
Мамлекеттик кадр боюнча көз карандысыз эксперт Самат Ашымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Жазылуу
Мамлекеттик кадр боюнча көз карандысыз эксперт Самат Ашымов өлкөдө саясий эмес кызматтарга барууда талаптар жогору болгондуктан жаштарды өзүнө тарта албай жатканын айтты.
Кадрдык саясаттын туура эмес жүргүзүлгөндүгүнөн учурда катардагы мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болууну каалагандар азаюуда. Мындай пикирин Самат Ашымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ашымов: саясий эмес кызматтарга талап өтө жогору болууда
Анын айтымында, көйгөйдү чечүүнүн эки жолу бар.
"Республикада учурда катардагы жөнөкөй мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болууга караганда саясий кызматка баруу жеңилирээк. Албетте, талаптардын максаты ошол адис өз тармагында жасай турган иштерин билүүсү, калкты тейлөөдө көрсөткөн кызматынын сапаттуу болуусу үчүн коюлат. Бирок логика боюнча, анда алардын жетекчилерине, саясий кызматтагыларга талап да жогору болуусу керек эле. Бизде бул механизмдер жок. Андыктан мамлекеттик же муниципалдык кызматка келүүдө алгачкы тепкичтеринен баштап тажрыйба топтоого умтулбастан, баары эле "чоң" болгусу келет. Мисалы, биз жакында эле эксперт катары "Мамлекеттик сатып алуулар" мыйзамы боюнча иш алып бардык. Анда тиешелүү департаментте катардагы кызматкерлердин жетишсиздигин байкоого болот. Биринчи себеби конкурстук талаптар жогору, андан сырткары, өтүп келген адис ал жерде социалдык камсыздандыруусу, башкача айтканда, айлык акысы жетишсиз. Экинчиден, ал ошол мекемеден өсүп, кызматтык тепкичте көтөрүлүшүнө көзү жетпейт. Бул эки көйгөйдү биз мамлекеттик жана муниципалдык катардагы кызматкерлерди алууда талаптарды жеңилдетүү жана маянасын көтөрүү менен чече алабыз", — деди Ашымов.
Эксперт мамлекеттик кызматка алууда улуттук кадр резервинен алынбай, мекеменин өзүнүн кадр резерви түзүлүшү да абалды ого бетер курчутарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0