Москва утушта. Бундестагда Германиянын саясаты сынга алынды

© AP Photo / Michael SohnГерманиянын Бундестагы. Архив
Германиянын Бундестагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
Буга чейин Эрнст Германия өкмөтүн газ, мунай маселеси боюнча Россия менен диалогду улантууга чакырган.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бундестагдын энергетика жана климатты коргоо боюнча комитетинин башчысы Клаус Эрнст Германиянын Die Welt басылмасына маек берип жатып федералдык өкмөттү энергетика саясатын ийгиликсиз жүргүзгөнү үчүн сынга алганын РИА Новости жазды.
© AFP / CLEMENS BILANГлава комитета Бундестага по энергетике и защите климата Клаус Эрнст
Глава комитета Бундестага по энергетике и защите климата Клаус Эрнст - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
"Германия "Путинге өчөшүп өзүбүздү өзүбүз тепкилейбиз" деген девиз менен саясат жүргүзүп жатат. Ошол эле учурда Путинге биздин зыяныбыз тийген жок. Күйүүчү май кымбаттап, Москва бир гана утушта", — деген саясатчы.
Эрнст Россиянын газ, мунайы жок Германиянын ИДПсы 12 пайызга чейин төмөндөшү күтүлүп жатканына токтолгон. Анын айтымында, бул чоң катастрофа.
Буга чейин Клаус Эрнст Германия өкмөтүн газ, мунай маселеси боюнча Россия менен диалогду улантууга чакырган.
Өз кезегинде Германиянын экономика министри Роберт Хабек энергетикалык кризисти жеңүү үчүн "Түндүк агым — 2ни" колдонуу жетишсиз экенин айткан.
Техастагы май куюучу станцияда адам бензиндин баасын сүрөткө тартып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
АКШда бензиндин баасы "акылга сыйгыс" деңгээлге жетери айтылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0