Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектин көчөлөрүнүн биринде велосипедчен адам
Бишкектин көчөлөрүнүн биринде велосипедчен адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
9-июлда түнкүсүн республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ишембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Таласта +25…+30, Ысык-Көл өрөөнүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +28…+33, Нарын облусунда +23…+28 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +28…+30, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +22…+24 градус болот.
Бадыраң. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Базардан алсаңар тышын аарчыгыла. Адис бадыраңдын пайда-зыянын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0