ИИМ Кыргызстанга келген мигранттарды текшерип бир нече кылмыштын бетин ачты

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкери. Архив
ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
Иш-чаранын алкагында эл аралык издөөдө жүргөн алты жаран кармалып, юридикалык жана жеке жактарга эки миллион сомдой айып пул салынды.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. "Нелегал-Трафик" комплекстүү издөө иш-чарасынын жүрүшүндө бир нече кылмыштын бети ачылды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган рейд 27-июндан 4-июлга чейин Кыргызстандын жана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аймагында өткөрүлгөн.
Операциянын жүрүшүндө төмөнкүдөй фактылар аныкталды:
мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө аныкталган укук бузуулар — 369;
чет өлкөлүктөрдүн жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу — 2;
чек арада эмгектенген мигранттардын Кыргызстандын эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузуусу — 28;
чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды кабыл алган кыргызстандыктар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүү тартибин бузуу — 34;
чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу, транзиттик эрежелерди бузуусу — 305;
мыйзамсыз миграцияны уюштуруу — 45;
ок атуучу курал алуу — 2;
чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы — 3;
экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча — 2;
эл аралык издөөдө жүргөн 6 жаран кармалды;
юридикалык жана жеке жактарга 1 961 500 сом айып пул салынды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына ишкерлер кайрылып, кылмыштуу чөйрөнү колдоо максатында белгисиз адамдар алардан 500 доллар талап кылып жатышканын айткан.
Андан соң 1-июль күнү акчаны алып жаткан жеринен Баткен районунун тургундары кармалып, жашаган жерин жана унаасын тинтүү учурунда ок атуучу куралдар табылган.
Мындан тышкары, Кыргызстандын жарандарын чет өлкөгө мыйзамсыз чыгаруу менен алектенген бир компаниянын ишмердүүлүгү токтотулган.
Сулуулук салондун иши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Бишкекте сулуулук клиникалары контрабандалык каражат колдонгон. УКМК видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0