Жүрөк үшүн алат! Көлдө жеңил унаа маршрутканы сүзгөн учурдун видеосу

© Фото / пресс-служба ГУОБДДЫсык-Көлдө болгон жол кырсык
Ысык-Көлдө болгон жол кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
Жол кырсыгы бүгүн эртең менен болгон. Жеңил унаа жүргүнчү түшүрүп жаткан маршрутканы барып сүзгөн.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Mercedes-Benz Sprinter менен Nissan X-Trail автоунаасы катышкан жол кырсык видеого түшүп калган. Кадрлар "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.
Видеодон жеңил унаа маршрутка тарапка күч менен келип, арт жагынан сүзгөнүн көрүүгө болот.
Эске салсак, каргаша бүгүн саат 8:30дар чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолундагы эс алуу жайына бурулган жерде болгон. Анда жүргүнчүсүн түшүрүп жаткан Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Nissan X-Trail сүзүп кеткен. Кырсыктан кийин эки автоунаанын тең айдоочусу жана бир жүргүнчү Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. ЖКККББнын алдын ала маалыматы боюнча, Nissan X-Trail унаасынын айдоочусу уктап кеткен.
Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 29-чакырымында болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Ысык-Көлдө минивэндер кагышып эки адам каза болуп, 12 киши жаракат алды
Жаңылыктар түрмөгү
0