Көлдө жеңил унаа жүргүнчү түшүрүп жаткан маршрутканы сүзүп, үч киши жабыркады

© Фото / пресс-служба ГУОБДДЫсык-Көлдө болгон жол кырсык
Ысык-Көлдө болгон жол кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, жеңил автоунаанын айдоочусу уктап кеткен.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө жүргүнчүсүн түшүрүп жаткан Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Nissan X-Trail сүзүп кетти. Анын кесепетинен үч киши жабыркады. Бул тууралуу ЖКККББ кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГУОБДДДТП в Иссык-Кульской области
ДТП в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Каргаша бүгүн саат 8:30дар чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолундагы эс алуу жайына бурулган жерде болгон.
Кырсыктан кийин эки автоунаанын тең айдоочусу жана бир жүргүнчү Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. ЖКККББнын алдын ала маалыматы боюнча, Nissan X-Trail унаасынын айдоочусу уктап кеткен.
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 83-чакырымында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаа жолдон чыгып оодарылып кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Дөңгөлөгү жулунуп кеткен. Тоңдо үрөй учурган кырсыктан алты адам жабыркады
Жаңылыктар түрмөгү
0