Байден Россияга "каршы туруу үчүн" Сауд Аравияга бара турганын айтты

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Жо Байден. Архив
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Жазылуу
Американын президенти сапарынын дагы бир максаты Кытай менен болгон атаандаштыкты жеңүү үчүн мыкты позицияда туруу экенин билдирген.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден Сауд Аравияга барат, королдук менен жакын ымалада болуу зарылдыгына Россияга каршы туруу, Кытай менен болгон атаандаштыкты жеңүү жана Жакынкы Чыгыш чөлкөмүн турукташтырууну негиз кылган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин анын алдыдагы сапары сынга алынган. Ал Washington Post гезитине курган маегинде Саудиянын бийлиги АКШнын администрациясы менен мунайдын экспортун көбөйтүүнүн жана баасын төмөндөтүүнүн үстүндө иштеп жатканын айткан.
"Президент катары менин милдетим — өлкөбүздүн күчтүү жана коопсуз болушун камсыздоо. Биз Россиянын агрессиясына каршы турушубуз керек, Кытай менен атаандаштыкты жеңүү үчүн мыкты позицияда болушубуз зарыл, дүйнөнүн маанилүү чөлкөмүндө туруктуулукка жетишүүгө аракет кылышыбыз керек", — деген Байден.
Анын айтымында, бул үчүн "мындай иштердин жыйынтыгына таасир эте ала турган өлкөлөр менен түздөн-түз кызматташуу керек, Сауд Аравиясы — алардын бири".
АКШ башчысы Жозеф Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2022
Күнөөлүү кылышат. Эксперт Байдендин кийинки "тагдыры" туурасында ой бөлүштү
Жаңылыктар түрмөгү
0