Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Батыш Украинаны узак убакыт бою азыркыдай колдой албайт

© Фото / U.S. Air Force / Staff Sgt. Shawn WhiteАКШдан Украинага жөнөтүлүп жаткан курал. Архив
АКШдан Украинага жөнөтүлүп жаткан курал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Жазылуу
Басылма саясатчылар менен аналитиктерге таянып, "Атлантиканын эки тарабындагы" чыр-чатак жадаткандан кийин азыркыдай материалдык жардам көрсөтүү кыйын болорун билдирген.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. АКШ жана анын союздаштары Украинаны азыркы таптагыдай узак убакыт бою колдой албайт. Бул тууралуу New York Times гезити жазганын РИА Новости билдирди.
"Президент Байден Украинаны канча болсо ошончо убакыт колдой турганын айтты. Бирок согуш качан бүтөрүн жана АКШ менен союздаштары качанкыга чейин кол сунарын эч ким айта албайт. Аткаминерлер АКШ менен Европанын куралдарынын запасы кайсы бир маалда түгөнүп калышы мүмкүндүгүн моюндады. АКШ 54 миллиард долларга аскердик жана башка жардамдарды көрсөттү. Алар түгөнгөндө дагы көмөк көрсөтө алары белгисиз", — деп жазылган маалыматта.
Басылма саясатчылар менен аналитиктерге таянып, "Атлантиканын эки тарабындагы" чыр-чатак жадаткандан кийин азыркыдай материалдык жардам көрсөтүү кыйын болорун билдирген.
Газета кошумчалагандай, конгресс бекиткен аскердик жардам кээ бир эсептөөлөр боюнча кийинки жылдын экинчи кварталына чейин жетет. Ошондой эле курал-жарак жана ок-дарыны жөнөтүү АКШнын өзүнүн аскердик даярдыгына кандай таасир этет деген маселе бар экени белгиленген.
Буга чейин Россия Киев режимине курал берүүгө катышкан бардык өлкөлөргө нааразылык нотасын жөнөткөн. РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров курал менен келе жаткан бул жүктөр Россиянын Аскердик-космостук күчтөрүнүн мыйзамдуу бутасына алынарын эскерткен.
Залптык ок чыгарган реактивдүү HIMARS системасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчилик: АКШ Украинадагы чатакты кандай жол менен болсо да создуктуруу ниетинде
Жаңылыктар түрмөгү
0