Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Жазылуу
11-июлда түнкүсүн республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Таласта +24…+29, Нарын, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +27…+32 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +28…+30, Ош шаарында +30…+32, Чолпон-Атада +23…+25 градус болот.
Уктоочу бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Бостериде улгайган адамдар үчүн атайын шарттары менен эс алуу жайы ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0