Көпкө күттүргөн жеңиш! Антонина Шевченко атаандашын утту

© AP Photo / Frank Franklin IIКыргызстандык мушкер Антонина Шевченко. Архив
Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Жазылуу
Антонина буга чейин эки ирет катары менен каршылаштарына утулган.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко UFC турниринде америкалык атаандашы Кортни Кейсини жеңип алды. Бул тууралуу уюм социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
UFC Vegas 58 турнири таңга маал өттү.
Шевченко атаандашы менен толук үч раунд кармашты. Натыйжада калыстардын чечими менен жеңиш ыйгарылды.
Акыркы ирет Антонина Шевченко 2021-жылы октябрда UFC Vegas 38 турниринин алкагында австралиялык Кейси О'Нилл менен беттешип, экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңилип калган. Андан мурунку турнирде америкалык атаандашы Андреа Лиге жеңишти алдырып жиберген.
Ушуну менен Антонина аралаш мушташта онунчу жеңишин камсыздады, төрт ирет утулган.
Eagle Fighting Championship лигасын турнири. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2022
Хабибдин Eagle FC уюму кайрадан Кыргызстанда турнир өткөрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0