Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бердиев: "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагы старт алды

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник управления молодежной политики Минкультуры КР Таалайбек Бердиев
Начальник управления молодежной политики Минкультуры КР Таалайбек Бердиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Бердиев Кыргызстанда экинчи ирет өткөрүлүп жаткан сынак 2023-жылдын 6-июлунда жыйынтыкталарын айтты.
"Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" эл аралык демилгеси — Кыргызстанда ийгиликтүү адаптацияланган долбоор. Бул демилге балдардын жана жаштардын жыргалчылыгына байланыштуу маселелерди көтөрүүгө жана жаштарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлиндеги чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Таалайбек Бердиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Бердиев: "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагы старт алды
Анын айтымында, аталган сынак бүткүл республика боюнча балдардын жана жаштардын ар тараптуу, толук өнүгүүсү үчүн шарт түзүүгө багытталган.
"Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагы өлкөдөгү бардык муниципалитеттердин, коомдук бирикмелердин, шаар калкынын, мамлекеттин балдардын жана жаштардын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачып берүү маселесинин үстүндө күн сайын ойлонуусуна себепчи болот. Мындан тышкары, белгилүү бир чечимдерди кабыл алуу процессине жаштарды тартууга ыктайт. Сынак 2018-2022-жылдарга КРдин Региондук саясатынын концепциясында, региондордун базалык өсүү чекиттери катары белгиленген шаарлардын арасында өткөрүлөт. Кеп Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кара-Суу, Кербен, Кочкор-Ата, Нарын, Ош, Талас, Таш-Көмүр, Токмок жана Өзгөн сыяктуу шаарлар жөнүндө болуп жатат. Алар сынакка өз эрки менен катышат. Бул жерде шаардын инфраструктурасы, экономикасынын абалы эмес, алардын балдар үчүн түзүп берип жаткан шарттары, ар тараптуу колдоосу каралып, баа берилет. Комиссия бардык чогултулган далилдерди, баяндамаларды жана ар кайсы муниципалитеттер берген документтерди пайдаланып, акыркы чечимин чыгарат. Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жаткан "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагы 2022-жылдын 6-июлунда башталып, 2023-жылдын 6-июлунда жыйынтыкталат. Ал эми июль айынын соңуна чейин сынакка каттоо жүрөт. Бардык шаарларды сынакка активдүү катышууга чакырам. Байге фонду алты миллион сом", — деди Бердиев.
Ал 2019-жылы башталган сынакка жалпы 18 шаар катышып, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары биринчи, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары экинчи, ал эми Баткен облусунун Баткен шаары үчүнчү орунду ээлегенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0