Кыргызстанга 1 млрд. доллардан ашык акча которулган. Беш айдын жыйынтыгы

© AFP / OZAN KOSEДоллар акчасы. Архивдик сүрөт
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Жазылуу
Апрель менен майда өлкөгө 250 миллион доллар кирген. Бул рекорд болбосо да жогорку көрсөткүч.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Быйылкы жылдын башындагы беш айда Кыргызстанга 1 миллиард 30,3 миллион доллар которулган. Мындай маалыматтарды Статистика боюнча улуттук комитеттен билдирди.
Кеп жеке тараптардын акча которуу система аркылуу жөнөткөн каражаты жаатында болууда.
Россиядан 984 миллион доллар келип түшкөн. Эгерде аны 2005-жылдан берки ар бир жылдагы январь–май айларына салыштырсак, азыркы көрсөткүч рекорддук болуп чыга келет.
Ар кыл жылдардын алгачкы беш ай ичиндеги которулган акчалары боюнча маалымат (900 миллион доллардан ашык сумма түшкөн мезгилдер көрсөтүлдү):
2022 — 1,03 миллиард;
2021 — 986,3 миллион;
2019 — 934,8 миллион;
2018 — 972,3 миллион доллар.
Быйылкы жылдын апрели менен майында келген каражаттын агымы бир айга 250 миллион доллардан болгон. Бул рекорд жаратпаса да жогорку деп эсептелген көрсөткүч. Салыштыруу үчүн алсак, мартта 150 миллион доллар түшкөн.
Доллар белгиси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Пресс-борбор
Улуттук банк: Кыргызстанга накталай эмес доллар ири көлөмдө агылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0