Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЖамгырда бараткан киши. Архивдик сүрөт
Жамгырда бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Жазылуу
12-июлга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Шейшембиде күндүз ала булут каптап турат, айрым райондордо жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир учурларда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +27...+32, Талас өрөөнүндө +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +21...+26 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +29...+31, Ош шаарында +30...+32, Чолпон-Атада +21...+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Бөлмөдөгү көндиционер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Ысыкта бөлмөдөгү кондиционердин температурасы кандай болушу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0