Бишкекте №1 төрөт үйү бир айга жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТөрөт үйүндөгү медайым. Архив
Төрөт үйүндөгү медайым. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Жазылуу
Төрөт үйү оңдолуп бүткөнчө кош бойлуулар шаардагы башка төрөт үйлөрүнө жөнөтүлөт.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкекте №1 төрөт үйү бир айга жабылды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева тастыктады.
Анын айтымында, министрликтин буйругу менен төрөт үйү 18-июлдан 18-августка чейин оңдоо иштерине жабылды.
Төрөт үйү оңдолуп бүткөнчө кош бойлуулар шаардагы башка медициналык жайларга жөнөтүлөт. Ал үчүн атайын нөөмөт графиги түзүлгөн. Аталган буйрук Тез жардам кызматына да берилген.
Белгилей кетсек, №1 төрөт үйүнө катталган кош бойлуулар бул убакыт аралыгында кайсы төрөт үйүнө барышы керектигин өзүнүн дарыгеринен сурап биле алышат.
Акушер столу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Бойдон түшүп калуу алдыдагы инсульттун белгиси болушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0