Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Арапбаева: күнгө ашыкча күйүү меланоманын алгачкы белгилерин пайда кылат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков№8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Элгиза Арапбаева
№8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Элгиза Арапбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Жазылуу
№8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Элгиза Арапбаева күнгө күйүүдө адам газдалган таттуу суусундук ичсе каны коюуланып, кан басымы көтөрүлүп кетерин айтты.
Күн нурунун B ультракызгылт бөлүкчөсүндөгү D3 жана В3 витамини адамдын ден соолугуна пайдалуу. Өзгөчө итий оорусу менен ооруган балдарга жакшы. Мында сөөктөр бекемделип, булчуңдар туура өрчүйт. Андан тышкары, чоң кишилердин тери ооруларын алдын алып, иммунитетти чыңдайт. Бул тууралуу Элгиза Арапбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Арапбаева: күнгө ашыкча күйүү меланоманын алгачкы белгилерин пайда кылат
Анын айтымында, эртең мененки 08:00-11:00 аралыгы жана кечки 16:00дон кийинки сааттар күнгө күйүү үчүн эң ыңгайлуу убак.
"Күнгө күйүүнүн бир нече эрежелерин сактаса, андан пайда алып, иммунитетти көтөрүп алса болот. Мисалы, ачка же тоюп күнгө күйгөн болбойт. Баш айланып, кусуп, адам кыйналышы мүмкүн. Күнгө акырындап, аз-аздан күйгөн туура (беш мүнөттөн баштап, көбөйтүп отуруп эки саатка чейин). Өзгөчө териси өтө ак, кал, меңи бар адамдар жакшылап коргонушу зарыл. Күндөн коргоочу майды үйдөн чыкканга чейин 20 мүнөт эрте сүйкөнүп койсо, ал күндөн жакшы коргойт. Бетти жакшылап жапкан баш кийим кийип, көз айнек тагынуу шарт. Ал эми күнгө күйүп жаткан адам таза, жөнөкөй эле суу ичип турушу зарыл. Эгерде адам газдалган таттуу суусундук ичсе каны коюуланып, кан басымы көтөрүлүп кетет. Кант диабети, гипертониялык дарты, тери ооруларынан жабыр тарткандар, жакын арада оор операция же химиотерапияны баштан кечирген адамдар жана кош бойлуулар (алгачкы айларында) күнгө күйбөй эле койгону оң. Күнгө күйүп калуунун бир нече стадиясы болот. Кыргызстандыктар көбүнчө I, II стадияда күйүп калышат. I стадияда жөн гана дене кызарып, ооруксунуп, ачышат. Анан бир нече күндөн кийин түлөп, ошону менен күйүк процесси өтүп кетет. II стадияга келгенде ыйлаакча, анын ичинде суюктук пайда болот. Ошондой эле күнгө ашыкча күйүү теринин тез картаюусуна алып келип, меланоманын алгачкы белгилери болгон меңдерди пайда кылып, денеде кал көбөйөт", — деди Арапбаева.
Ал күнгө чыккан адам пахтадан тигилген кийим кийип чыгышы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0