Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери 21-июлда Чолпон-Атада жолугат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБорбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери. Архив
Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Жазылуу
Борбор Азия аймагындагы мамлекеттердин башчыларынын толук келиши күтүлүүдө.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультативдик IV жолугушуусу 21-июлда Чолпон-Атада өтмөкчү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Буга чейин президенттин маалымат кызматы аталган аймактагы мамлекеттердин лидерлери иш-чарага чакырылгандыгын кабарлаган.
Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүндө башка маселелер менен катар эле аталган коңшу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёевдин катышуусу боюнча да кеп болгон.
Мындай жолугушуу былтыр Түркмөнстанда өткөн.
Нур-Султан шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Казакстанда Борбор Азия менен Россия башчыларынын саммити күтүлүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0