БУУ эгин маселеси боюнча Россия, Украина, Түркия менен иштешет

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүБУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш. Архив
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жазылуу
Стамбулда эгин маселеси боюнча Россия, Түркия, Украина жана БУУ делегациялары катышкан жолугушуу жабык форматта өткөн.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. БУУ Стамбул шаарында жетишилген эгин боюнча макулдашууну ишке ашыруу үчүн Россия, Украина жана Түркия менен иштешет. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриштин айтканына таянып РИА Новости жазды.
"Биз Москва, Киев жана Анкара менен биргеликте келишимдерди ишке ашырууга аракет кылабыз", — деген Гутерриш журналисттерге.
Эскерте кетсек, Стамбулда эгин маселеси боюнча Россия, Түркия, Украина жана БУУ делегациялары катышкан жолугушуу жабык форматта өттү. Анда аталган шаарда координациялык борбор түзүү, порттон чыгып жатканда жана келгенде көзөмөлдү биргелешип жасоо, деңиз жолдорундагы коопсуздукту камсыздоо чечимдери кабыл алынган.
Рубль купюралары жана монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2022
Россия дан, жем жана күн карама майы үчүн бажы пошлинасын рублга өткөрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0