Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Саякпаев: "Элкарт" соода-сатыкты телефон аркылуу жүргүзө баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековБанктар аралык процессинг борборунун төлөм кызматтар жана тиркемелер бөлүмүнүн башчысы Муктар Саякпаев
Банктар аралык процессинг борборунун төлөм кызматтар жана тиркемелер бөлүмүнүн башчысы Муктар Саякпаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жазылуу
Банктар аралык процессинг борборунун төлөм кызматтар жана тиркемелер бөлүмүнүн башчысы Муктар Саякпаев "Элкарт Pay" функционалы аркылуу соода-сатыкты телефон аркылуу жүргүзүү ишке киргенин айтты.
"Элкарт Pay" системасы өлкөнүн финансы рыногун өнүктүрүүнү жана аны санариптештирүү процессин тездетүү, жарандар жана ишкерлер үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыкты. Бул тууралуу Муктар Саякпаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Саякпаев: "Элкарт" соода-сатыкты телефон аркылуу жүргүзө баштады
Анын айтымында, соода-сатык үчүн төлөөнү мобилдик телефон аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жарандар активдүү колдоно баштады.
"Элкарт" соода-сатыкты телефон аркылуу жүргүзө баштады. "Элкарт Pay" функционалы аркылуу соода-сатыкты смартфондун жардамы менен гана ишке ашырууга болот. Бул колдонуучулар үчүн бир топ ыңгайлуулукка жана коопсуздукка кепилдик берет. Президенттин "Финансы рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында өлкөнүн финансы рыногун өнүктүрүүнү жана аны санариптештирүү процессин тездетүү, жарандар жана ишкерлер үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыкты. Учурда бул мүмкүнчүлүк колдонула баштады", — деди Саякпаев.
Ошондой эле адис "Элкарт" карталары ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө да активдүү колдонулуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0